super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 5-ЯНВАРЬ: Эл артисти Дүйшөн Байдөбөтов тирүү болгондо 77 жашка чыкмак

 

Кыргыз Эл артисти, чыгаан актёр, кайталангыс талант Дүйшөн Байдөбөтов тирүү болгондо бүгүн, 5-январда 77 жашка чыкмак. ЖЫЛНААМА рубрикасынын бул чыгарылышында актёрдун бейнеси, чыгармачылыгы, акыркы эмгектери тууралуу сөз кылабыз.

Балалык күндөр, окууга ташталган алгачкы кадам

Болочок актёр 1949-жылы 5-январда Ысык-Ата районуна караштуу Үч-Эмчек айылында жарыкка келген. Ымыркайдын апасы ал кезде 49, атасы 73 жашта болгон. Бир тууган Байдөбөтовдордун төртөө согушка кетип, үчөө кайтпай калган. Актёр ал учурду "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде мындай деп эскерген:

– Мага чейин апам байкуш 15 бала төрөптүр. Эки баласы сууга агып каза болсо, төртөө согушка барып, алардын бири гана кайтып келип, сарык оорусунан көз жумат. Мен согуштан кийин төрөлгөм. Кичине кезимде атамдын сырты жыгач менен капталган Куран китептерин көтөрө албай жыгылган күндөрүмдү, айылдагы аялдардын баары кара кийинип алып суу жээктеп ыйлап отургандарын көп эстейм, ошондо Сталин өлгөн экен. 1-класска барганымда атамдан, 5-классымда апамдан айрылдым. Жалгыз эжем бар эле, ал да каза болуп калды.

1-класска барганымда окумак тургай, эки ай бою «а» менен «б» тамгаларын жаттай албай кыйналдым. Эжем мени сабап жүрүп окуганды үйрөттү.

Чыгармачылыкка чыйыр жол

Артист болом деген дымагы күч инсан мектепти аяктагандан кийин 1966-жылы Алай элдик театрына иштөөгө кетет. Москвадагы ГИТИСке студенттерди кабыл алып жүргөн мугалимдер тууралуу окуп калып, жарнамадагы жерге келсе, алар кетип калышкан болот. Комиссияны артынан кууп отуруп, аэропорттон кезиктирет.

«Окууга тапшырайын дедим эле, комиссия кетип калыптыр, ошолорду кууп баратам» дедим. Режиссёр Аманкул Куттубаев «Алайдан бери кууп келе жатса, бул баланы өттү деп жазып коёлу» деп мени каттап коюшту. 20-майда дагы сынак болду, кезегим жетип кирсем, комиссияда Муратбек Рыскулов, Даркүл Күйүкова, Бакен Кыдыкеева, Советбек Жумадылов, мен тапшырып жаткан окуу жайдын ректору Алексей Горбуновдор отурушуптур. Образга кирип ыйлап, «Карагул ботом» дастанындагы атанын монологун айтып бердим. Жыйынтыгында «Байдөбөтов өттү!» дегенди угуп алып башым тегеренип, жер көчүп, кан басымым көтөрүлүп кетти", - деген маектеринин биринде.

Окуп жүрүп, классташ кызына баш кошот

Ошентип актёр Москвага окууга өтөт да, кетер алдында «үйлөнөм, болбосо сүйүктүүмдү ала качып кетишет» деп арзыганы, классташы Кенже Исмановага баш кошот. Ал учурду актёр мындай деп эскерген.

– Байбичем Кенже менин классташым. Мектепте окуп жүргөндө эле кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, башкага тийип кетпесин деп эрте үйлөнүп алгам. Жаш кезде жалындап сүйгөн-күйгөн, тентектик кылып койгон учур менде да болгон. Анын баарына байбичем чыдады.

Өнөрдүн өрнөктүү жолу

Чыңгыз Айтматовдун «Кызыл жоолук жалжалым» чыгармасынын негизинде тартылган «Мен Тянь-Шань» тасмасына кастинг болуп, жоон топ студенттердин арасынан 2-курстун студенти Дүйшөн Байдөбөтов Илиястын ролуна өтүп кетет.

– Кышында ал киного тартылам деп алакандарымды үшүккө да алдыргам. Азыр ойлоп коркуп кетем, тайгак жолдон машинаны учуртуп айдап баратып киши сүзүп же өзүм авария болуп кетсем эмне болмок деп. Анда менин дагы Илиястай курч кезим да. Мүнөзүм да ага окшош эле, айтканымдан кайтпаган, өз максатымды көздөй бет алган. Бирок ал жашоодо катуу жаңылышпадыбы. Эми мен деле тептегиз жол менен баратам дегенден алысмын, жаңылып-жазып, өкүнгөн күндөр менде да болгон. Ошентсе да мен анын ордунда болсом, Аселдин кетип калганын билген күнү артынан издеп таап, кечирим сурамакмын.

38 жашында Эл артисти наамын алып...

Жаш актёрдун ысымы кыргыз журтуна ушул ролунан кийин тез эле чагылгандай тараган. Москвадан окууну бүтүп келип, 1972-жылы Ош облустук драма театрына ишке кирген. 19 жылдан кийин борбордогу Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына которулган. Кандай наам албасын жөнөкөйлүгүнөн, адамгерчилигинен жазбаган залкар аткарган ролдору тууралуу бизге берген акыркы маегинде күйүп-жанып төмөндөгүлөргө токтолгон:

– Ошто 18 жыл иштеп, 28 жашымда Эмгек сиңирген артист, 38 жашымда Эл артисти наамын алгам. Мага жол көрсөткөн устатым деп Кыргыз Эл артисти Абдашым Көбөгөновду айтам. Роль ойногондо берилип, чын дилим менен аткарчумун. Театрда калп ойносоң элге жетпей калат. Үйдөн репетиция кылганда уктоочу бөлмөдө аялымды өнөктөш кылып алып даярданар элем. Союз кезинде тартип катуу болуп, бут тосуулар жок болчу. Мен роль талашкан актёр эмесмин. Режиссёр ишенип берген ролду жан дилим менен аткарганга аракет кылам. Театр адамы болгонума эки дүйнөдө тең ыраазымын. Эч нерсеге өкүнбөйм, Союз таркап, артисттер ишсиз калганда да театрды таштап кетпедим.

Тасмадагы ролдору

  • «Мен Тянь-Шань» (Илияс),
  • «Айсулуунун талаасы» (Сабыр)
  • «Каныбек» (Түлкүбек),
  • «Акбаранын көз жашы» (Базарбай),
  • «Саманчынын жолу» (Субанкул),
  • «Кайчы жолдор» (Хан),
  • «Белгисиз маршрут» (айдоочу),
  • «Курманжан датка» (манасчы) жана башка.

Театрдагы негизги ролдору

  • Курманбек (К.Жантөшев, “Курманбек”)
  • Барон ( Максим Горький, “Түпкүрдө”)
  • Жигит башы (Т.Абдумомунов, “Алдар-көсө”)
  • Учкуч ( Антуан-де-Сент-Экзюпери, “Кичинекей ханзада”)
  • Беккингем (Шекспир, “Ричард III”)
  • Орган ( Ч.Айтматов, “Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт”)
  • Ысмайыл (Ч. Айтматов, “Бетме-Бет”)
  • Ашырбай (Т.Абдумомунов, “Ашырбай”)
  • Ырамандын ырчысы (Ж.Кулмамбетов), “Кагылайын, Манасым!”)
  • Малтабар (Ж.Кулмамбетов, “Жөн эле Майраш”)
  • Көбөш (Ж.Садыков, “Манастын улуу Семетей”)
  • Акылбек (Б.Жакиев, “Атанын тагдыры”)
  • Шабдан (Ж. Садыков, “Өмүр жана өкүнүч”)
  • Субанкул (Ч.Айтматов, "Саманчынын жолу")
  • Ормон хан (Ж.Садыков, “Ормон хан”)
  • Карыя (Б.Жакиев, “Жүрөлүчү жүрөк оорутпай”)
  • Cанжы сынчы (Каныбек Иманалиев, “Туу жыгаар”) жана башкалар.

Сыйлыктары

  • 1995-жылы «Манас» медалы;
  • 1978-жылы «Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти»;
  • 1988-жылы «Кыргыз ССРинин Эл артисти»;
  • 1993-жылы Муратбек Рыскулов атындагы эл аралык сыйлык;
  • 1999-жылы Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыкка ээ болгон.

Актёр жубайы экөө эки уул, бир кызды тарбиялап өстүргөн. Дүйшөн Байдөбөтов 2018-жылы 7-июль күнү оорудан улам каза болгон.

5-январга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.01.2026. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кытайдан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз Түркиядан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз АКШдан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз Орусиядан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз Сеулдан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз WhatsApp +1 (303) 794-9090 https://caluaniemuelearus.com/ https://caluaniemuelearus.com/catalog/ https://amchemicalss.com/chemicals/ Азык-түлүк үчүн этанол жеткирүүчү
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: