super.kg logo

Мадуро жана анын жубайы Нью-Йорктогу сотто айыптарды моюнга алышкан жок

 

Венесуэланын президенти Николас Мадуро Нью-Йорктогу сот процессинин биринчи отурумунда бардык айыптарды моюнуна алган жок. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Ал өзүн соттолуучу эмес, согуштун туткуну деп эсептей турганын белгилеген.

"Мен Венесуэланын президентимин жана өзүмдү согуш туткуну деп эсептейм. Мени Каракастагы үйүмдө кармашты",- деген Мадуро.

Ошондой эле Мадуронун жубайы Силия Флорес да күнөөсүн моюнуна алган эмес.

Биринчи соттук отурум жарым саатка гана созулган. Кийинки отурум 17-мартка белгиленди.

Мадуро жана анын жубайы АКШда баңгизатка байланыштуу кылмыштар үчүн айыпталууда. Америкалык маалымат каражаттары айыпталуучулар бир нече жылга же өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин жазышууда.

Эске салсак, Венесуэланын лидери Николас Мадуро жана жубайы 3-январга караган түнү Каракас шаарындагы үйүндө кармалган.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: