super.kg logo

Венесуэланын борборунда атышуу болду (видео)

 

Кечээ, 5-январь күнү кечинде Венесуэланын борбору Каракас шаарындагы Мирафлорес президенттик сарайынын жанында ок атышуу болгонун чет элдик басылмалар жазышты.

Окуяга күбө болгондор интернет желесине видеолорду бөлүшүшкөн. Маалыматтарга караганда, президенттик сарайды танктар менен аскерлер курчоого алып, асманда учкучсуз учактар ​​байкалган. Атышууга Венесуэла армиясынын тиешеси бар болушу мүмкүн экени айтылууда.

Окуянын себеби жана жагдайлары азырынча белгисиз.

Ошол эле учурда Ак үйдүн басма сөз катчысы АКШ Венесуэладагы ок атышуу тууралуу кабарларды кылдаттык менен көзөмөлдөп жатканын билдирип, бирок окуяга Вашингтондун тиешеси жок экенин кошумчалаган.

Эске салсак, Венесуэланын лидери Николас Мадуро жана жубайы 3-январга караган түнү Каракас шаарындагы үйүндө Америка аскерлери тарабынан кармалган.







Венесуэланын борборунда атышуу болду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: