Колумбиянын президенти АКШнын коркутуусунан кийин колуна курал алууну убадалады
Колумбиянын президенти Густаво Петро АКШ бийлигинин коркутууларынан жана Венесуэланын лидери Николас Мадуронун колго түшүрүлүшүнөн кийин колуна курал ала турганын билдирди.
"АКШ адамзаттын тарыхында Түштүк Американын борборун бомбалаган дүйнөдөгү биринчи өлкө. Жада калса Биньямин Нетаньяху, Адольф Гитлер да муну жасаган эмес.
Конституция куралдуу күчтөрдү улуттук эгемендүүлүктү коргоого милдеттендирет. Мен аскер адамы болбосом да, согуш жана тымызын операцияларды билем. 1989-жылдагы тынчтык келишиминен кийин куралга эч качан тийбейм деп ант бергем, бирок улуттун кызыкчылыгы үчүн керек болбосо дагы колума курал алам",- деп жазды ал X социалдык тармактагы баракчасында.
Петро ошондой эле Латын Америкасы биригиши керектигин белгиледи. Мындан тышкары, өзүнүн баңги аткезчилигине тиешеси жоктугун баса белгиледи.
Эске салсак, 3-январда АКШ Венесуэлага каршы сокку уруп, анын лидери Николас Мадурону жубайы менен бирге туткундап, өлкөдөн алып чыгып кеткен. Аларга курал-жарак сактоо жана маңзат аткезчилиги боюнча айып тагылууда.
АКШ президенти Дональд Трамп Колумбияда дагы ушундай операцияны өткөрүү мүмкүнчүлүгү тууралуу суроого "жакшы угулат" деген сөз менен жооп берген.
"Колумбия да катуу ооруп жатат, аны кокаин өндүрүүнү жана аны Кошмо Штаттарга сатканды жакшы көргөн оорулуу адам башкарат жана ал муну көпкө жасай албайт",- деген эле Ак үйдүн башчысы.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















