super.kg logo
  Спорт  

Азия Кубогу U-23: Кыргызстан бүгүн Сауд Арабиясына каршы беттешет

 

Бүгүн, 6-январда Сауд Арабиясынын Жидда шаарында өтүп жаткан 2026-жылдагы Азия Кубогунун (U-23) финалдык баскычында Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын жаштар курама командалары беттешет. Бул оюн турнирдин ачылыш беттеши болуп саналат.

Кыргызстандын U-23 курамасынын башкы машыктыруучусу Эдмар Ласерда команданын даярдыгы тууралуу пикирин билдирди. Анын айтымында, кыргызстандык футболчулар турнирге сапаттуу жана көрүүчүлөр үчүн кызыктуу оюн көрсөтүү максаты менен барышкан.

"Биз күчтүү атаандаштар чогулган татаал тайпага түшкөнүбүздү жакшы түшүнөбүз. Ошого карабастан, бардык чакырыктарга даярбыз. Команда жакшы даярдыктан өттү жана өзүнүн мыкты оюнун көрсөтүүгө аракет кылат",- деди Ласерда.

Машыктыруучу атаандаш командаларды изилдеп чыгышканын айтып, Вьетнам курамасын техникалык жактан күчтүү команда катары мүнөздөдү.

"Алардын машыктыруучусу да мыкты. Тайпа абдан күчтүү, жеңил болбойт. Биз үчүн биринчи оюнду ийгиликтүү баштоо абдан маанилүү",- деп кошумчалады ал.

Кыргызстандын U-23 курамасынын Азия Кубогундагы беттештеринин графиги: (Бишкек убактысы боюнча):

  • 6-январь, 22:00 — Сауд Арабиясы-Кыргызстан
    (Принц Абдулла Аль-Файсал атындагы стадион, Жидда)

  • 9-январь, 20:00 — Кыргызстан-Вьетнам
    ("Кинг Абдулла Спорт Сити", Жидда)

  • 12-январь, 22:30 — Иордания-Кыргызстан
    ("Кинг Абдулла Спорт Сити", Жидда).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: