Сатып жиберишкен... Чүй милициясы ууруларды кармады
Чүй облустук милициясы мал уурдоого шектелип 26 жаштагы 2 жаран жана 22 жаштагы 1 жаран кармалганын билдирди.
Маалымдалгандай, өткөн жылы 27-декабрда Сокулуктун Манас айылынын тургуну милицияга арыз менен кайрылып, мал короосунан 21 баш коюн уурдатканын айткан. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Мал уурдоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Натыйжада шектүү 3 киши колго түшүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөөдө алар койлордун жарымын Кант шаарында сатып жиберишкенин, ал эми калган бөлүгүн Токмок шаарындагы мал базарында өткөрүшкөнүн айтып беришкен. Учурда тергөө иштери уланууда.
Сатып жиберишкен... Чүй милициясы ууруларды кармады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















