Трамп Нобель сыйлыгын алган Мачадону Венесуэланын президенттигине колдогон жок
АКШнын президенти Дональд Трамп венесуэлалык оппозициячыл саясатчы Мария Корина Мачадону Венесуэланын кийинки президенти катары колдогон жок. Буга анын Нобель тынчтык сыйлыгын Трампка берүүдөн баш тартканы себеп болгонун жазат The Washington Post.
Басылма ал сыйлыкты америкалык лидер ачык эле көксөгөнүн Ак үйгө жакын эки булакка шилтеме берип, белгилейт. Басылмага маалымат берген адамдын айтымында, Мачадо Нобелди Трампка арнап жатканын айтканы менен, бирок анын сыйлыкты кабыл алуусу "кечирилгис күнөө" болгон.
"Эгер ал баш тартып, "мен кабыл албайм, анткени ал Дональд Трампка таандык" десе, ал бүгүн Венесуэланын президенти болмок",- деп кошумчалаган булак.
Трамп буга чейин Мачадо Венесуэланы башкара албайт деген оюн билдирген.
Мачадо Нобелдин тынчтык сыйлыгын алган. Учурда Венесуэланы Делси Родригес убактылуу башкарууда.
АКШ бийлиги Каракаста өлкө президенти Николас Мадурону жана анын жубайын кармап кеткенден кийин, ал мамлекетке убактылуу башкарууну киргизүү мүмкүндүгүн четке каккан жок.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















