super.kg logo

Николас Мадуро колго түшүрүлгөн учурда кийип жүргөн спорттук костюм сатыктын хитине айланды

 

Венесуэланын колго түшүрүлгөн президенти Николас Мадуро кийип жүргөн спорттук костюм АКШда күтүүсүздөн сатыктын хитине айланды. Боз түстөгү Nike Tech Fleece үлгүсүндөгү костюм акыркы күндөрү социалдык тармактарда кызуу талкууга алынууда.

Соцтармак колдонуучулары жана блогерлер "Мадуронун образы" бир нече сааттын ичинде толугу менен сатылып кеткенин белгилешүүдө. Айрымдары бул кийим стилин ирония менен сыпаттап, анын айланасындагы талкууларды тамаша иретинде кабыл алышууда.

АКШдагы блогер жана музыкант Фрэнк Нитти социалдык тармактагы билдирүүсүндө Nike Tech Fleece костюмдары тууралуу талаштуу пикир калтырган. Анын айтымында, бул стиль Америкада белгилүү бир стереотиптер менен байланыштырылат, ошондуктан коомчулук Мадуронун кийимине өзгөчө көңүл бурган.

Мадуро түшкөн сүрөттөр жарыялангандан кийин Nike компаниясынын онлайн-дүкөнүндө аталган моделдин дээрлик бардык өлчөмдөрү бир нече саат ичинде сатылып кеткен. Ал эми ар кандай маркетплейстерде спорттук костюмдун баасы орточо баада 90 долларды түзүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: