The Economist: АКШ көз арткан Гренландия боюнча келишим даярдоодо
АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы Гренландия боюнча келишимдин мүмкүн болгон форматынын үстүндө иштеп жатат. Келишим акыры аралдын жетекчилиги менен талкууга алынышы мүмкүн.
Британиялык The Economist басылмасы Вашингтон эркин ассоциация боюнча келишимди формалдуу түрдө түзүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканын жазат. Бул механизм Гренландия калкы үчүн олуттуу социалдык-экономикалык пайдаларды берери белгиленет. Америка Кошмо Штаттары каржылоо жана коргонуу маселелерин өз моюнуна алып, ички башкарууну өнөктөшүнө калтырмакчы.
The Economist белгилегендей, Трамп командасынын Гренландия стратегиясы бир нече максаттарды көздөйт. Анда баарынан мурда аралды Даниядан бөлүү аракети көрүлөрү айтылат. Анткен менен басылма аралдын түз Америка Кошмо Штаттарына кошулуу сценарийин реалдуу эмес деп эсептеп, мындай умтулуулар европалык саясий элитада азыртан эле этияттык менен кооптонууну пайда кылганын баса белгилейт.
Айта кетсек, Трамп Гренландияны Кошмо Штаттарга кошуу керектигин кайталап келет. Ал 2024-жылдын декабрь айында Даниянын курамындагы арал Кошмо Штаттардын менчигине өтүшү керек деген пикирин билдирген. Көп өтпөй Гренландиянын премьер-министри Муте Эгеде жооп кылып, арал эч качан сатылбастыгын айткан. Трамп 2025-жылдын башында Флоридадагы маалымат жыйынында кайрадан Гренландия тууралуу сөз кылып, аралды көзөмөлгө алуу үчүн экономикалык же аскердик күч колдонуу мүмкүндүгүн кыйыткан. Буга да жооп кылып, арал эли эч качан америкалык болгусу келбестигин айткан. Мартта америкалык лидер Вашингтон Гренландияга ээлик кылышы керектигин кайталаган.
АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс да Гренландиянын эли Даниядан көз карандысыз болууну каалай турганын билдирген жайы бар.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















