super.kg logo

Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу... Араванда куралы бар жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү 

 
Ош облустук милициясы Араван районунда үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу иш-чарасы өткөрүлгөнүн кабарлады.
Маалым болгондой, милиция кызматкерлери үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган үй ээлери менен маектешип, берилген коргоо ордеринин шарттары бузулбаганын карап чыгышкан. Аны менен катар каттоодо турган куралы бар жарандардын курал сактоого жана алып жүрүүгө уруксат кагаздарын, ошондой эле сактоо шарттарын текшеришкен.
Анда курал ээлерине чыр-чатак учурунда куралды колдонбоо керектиги эскертилген.
Айта кетсек, өлкөдө курал менен жубайын өлтүргөн фактылар катталып келет. Алсак, былтыр май айында Оштун Кара-Кулжа районунда 38 жаштагы Айзирек Эралиева 40 жаштагы күйөөсүнүн колунан каза тапкан. Анын үйүндө куралдын мыйзамсыз сакталышы боюнча бир катар милиция кызматкерлери, жетекчилер жоопко тартылышканы маалымдалган. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" жана "Мыйзамсыз ок атуучу курал-жаракты, ок-дарыларды сактоо жана алып жүрүү" беренелери менен кылмыш иши козголуп, айыпталуучу күнөөлүү деп табылган.
2025-жылдын соңунда Бишкекте жолдошу аялын тапанча менен атып өлтүргөн окуя катталды. Шектүү дароо кармалды. Ал 48 жаштагы маркумдун мурунку жолдошу, мурун укук коргоо органдарында иштеген жаран болуп чыкты.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: