Бишкекте мейманканада чырдашкан кыздарга чара көрүлдү (видео)
Бишкек шаарындагы мейманканалардын биринде чырдашкан кыздарга тийиштүү чаралар көрүлдү. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, окуянын катышуучулары болгон 17 жаштагы 2 жана 21 жаштагы 1 жаран милиция бөлүмүнө алынып келген. Натыйжада, жашы жетелектердин ата-энелерине Укук бузуулар кодексинин 102-беренеси (Ата-энелик милдеттерди аткарбоо) боюнча протоколдор толтурулган.
Ал эми 21 жаштагы жаранга Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча тийиштүү чара колдонулуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Ошондой эле мейманкананын ээси Укук бузуулар кодексинин 74-беренеси (Балдардын болушуна тыюу салынган же чектелген жерлерде болушу) боюнча жоопко тартылган.
Бишкекте мейманада чырдашкан кыздарга чара көрүлдү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















