super.kg logo
  Саясат  

"Үмүтүңөрдү актайм..." Президент Октябрь окуяларында аянтка чыккандагы таасирлери тууралуу айтып берди

 

Президент Садыр Жапаров журналист Айбек Бийбосун уулу тарткан документалдуу тасмада өзүнүн эл менен болгон байланышы жана октябрь окуяларында аянтка чыккандагы таасирлери тууралуу айтып берди.

"Аянтка келгенде 20 миңдей адам чогулуптур. Ошондо мен элдин мага болгон үмүтүн так сездим. Мурдараак тарапташтар, мекенчилдер менен жолугуп, комментарийлерди окуп жүргөндө деле "бир гана үмүтүбүз Садыр Жапаровдо калды. Ошону президент кылышыбыз керек" деген пикирлерди көрчүмүн. Анан келип туруп айттым: "Мен баарын кылам, силер мени угуп эле тургула. Талап-тоноо кылбагыла, талкалабагыла, бул өзүңөрдүн мүлкүңөр. Үйлөрүңөргө тарагыла, мен силердин үмүтүңөрдү актайм" деп",- деди Жапаров.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров тууралуу документалдуу тасманын 1-сериясы 5-январда жарык көргөн. Ал эми 2-сериясы бүгүн, 6-январда, кечки саат 19:00дө жарыяланып, анда негизинен чек ара темасына басым жасалат.






Садыр Жапаров: «Аянтта элдин мага болгон үмүтүн так сездим»

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: