Самбо боюнча дүйнө чемпиондугу 2026-жылы Самаркандда өтөт

2026-жылы самбо боюнча дүйнө чемпиондугу алгач ирет Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөрүлөт. Бул тууралуу Эл аралык самбо федерациясынын (FIAS) президенти Василий Шестаков билдиргенин, Өзбекстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Самаркандды дүйнөлүк биринчиликтин борбору катары тандоо чечими FIAS'тын аткаруу комитетинин 2025-жылдын 7-ноябрындагы жыйынында бир добуштан кабыл алынган. Чемпиондук 2026-жылдын 6–8-ноябрь күндөрү өтөт.

Шестаковдун айтымында, бай тарыхы жана өзгөчө маданий мурасы менен белгилүү Самарканд шаары мелдешке өзгөчө маанай берип, эл аралык деңгээлдеги жарышты жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүүгө толук мүмкүнчүлүк түзөт.
Эске салсак, самбо боюнча мурунку дүйнө чемпиондугу 2025-жылдын 7–9-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында өткөн.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















