super.kg logo

2025-жылы агроөнөржай тармагында 63 объект пайдаланууга берилди

 

2025-жылы агроөнөржай тармагында айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана соода-логистикалык инфраструктура багытында 63 объект пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, ишке берилген объекттердин катарында соода-логистикалык борборлор, дан өсүмдүктөрүн, мөмө-жемиш жана жашылча продукцияларын кайра иштетүүчү ишканалар, сүт азыктарын, эт, балык, жүн, өсүмдүк майын өндүрүүчү, ошондой эле органикалык өндүрүш объекттери бар.

Аталган долбоорлордун ишке ашырылышынын натыйжасында өлкө боюнча 2707 жаңы жумуш оруну түзүлгөн.

Мындан тышкары, 2025-жылдын январь-ноябрь айларынын жыйынтыгы боюнча республиканын жалпы өнөр жай көлөмүндө тамак-аш өндүрүшү ишканаларынын үлүшү 17,4 пайызды түздү.

Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, 2025-жылдын 11 айында агроөнөржай комплексинин ишканалары тарабынан 94,2 миллиард сомдук тамак-аш азыктары өндүрүлгөн (учурдагы бааларда).

Өкмөттүн планына ылайык, 2030-жылга чейин 385 айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишкананы ишке берүү каралууда. Бул кайра иштетүүнүн деңгээлин 25 пайызга жеткирүүгө мүмкүндүк берет. Аталган багытка багытталган жалпы инвестиция көлөмү 20,96 миллиард сомду түзөт.

Ал эми 2026-жылы 75 айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишкананы ишке берүү пландалып, инвестициянын көлөмү 9,1 миллиард сом болору белгиленүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: