Карылар үйүндөгү өрт: 11 бейтап ооруканада
Бүгүн, 6-январда Бишкек шаарындагы карылар үйүнүн паллиативдик жардам бөлүмүндө өрт чыккан. Өрт бир палатадан чыгып, болжол менен 30 чарчы метр аянтты каптаган.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, мекеменин өзгөчө статусун эске алуу менен, тилсиз жоону өчүрүүгө 4 өрт өчүрүүчү техника, ошондой эле тез жардам жана медициналык жардам бригадалары тартылган.
Өзгөчө кырдаалдын кесепетинен паллиативдик бөлүмдө оор абалда жаткан эки бейтап каза болгон. Дагы 11 бейтап көмүртек кычкылы менен уулануу коркунучуна байланыштуу шаардык ооруканаларга жеткирилип, дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды.
Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев барышкан.
Маалым болгондой, 2025-жылдын июль айында аталган мекемеде өрт коопсуздугу боюнча машыгуулар өткөрүлгөн. Карылар үйүнүн негизги имараты жабыркаган жок, өрт паллиативдик жардам бөлүмүнүн бир гана палатасында чыккан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















