Ала-Арчада бутун кокустатып алган эс алуучу куткарылды
Чүйдүн Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында бутун кокустатып алган эс алуучу куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ӨКМге парктын жогору жагында жайгашкан шаркыратма тилкесинде эркек киши тоодон түшө албай калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине 3 куткаруучу тартылып, 45 жаштагы жаранды алып түшүшкөн жана Бишкек шаардык №4 ооруканасына жеткиришкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















