Министр карылар үйүнөн чыккан өрттөн жабыркагандардан кабар алды
Саламаттыкты сактоо министри Каныбек Досмамбетов Бишкек шаарындагы Тез жардам клиникалык ооруканасына барып, карылар үйүндө чыккан өрттүн кесепетинен жабыркаган бейтаптардын абалы менен таанышты.
Салматтыкты сактоо министрлиги кабарлагандай, ал жакта жалпысынан 14 бейтап дарыланууда. 13үнө көмүр кычкыл газына уулануу диагнозу коюлса, 1 бейтап I даражадагы күйүк алган. 4 бейтаптын абалы орточо оор, 2 бейтаптын абалы оор, ал эми 8 жабыркаган адамдын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда.
"Каныбек Досмамбетов бейтаптарга каралган шарттар, дарылоо процесси менен таанышып, жабыркагандарга тийиштүү деңгээлде медициналык жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди",- деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, кечээ, 6-январда Бишкек шаарынын Абай көчөсүндө жайгашкан карылар үйүндө өрт чыгып, 2 адам каза тапты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:55
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















