Иран армиясы толук күжүрмөн даярдыкта экенин жарыялады
Иран армиясы жана Ислам революциясынын сакчылар корпусу толук күжүрмөн даярдыкта. Бул тууралуу аталган корпустун командиринин кеңешчиси, бригадалык генерал Мортез Горбан билдирди.
Анын айтымында, АКШ менен Израилдин ар кандай агрессиясына ылайыктуу жооп кайтарылат.
"Бөлүмдөр даяр. Эгер кандайдыр бир агрессия болсо, алар душмандарды жер менен жексен кылышат",- деди Горбан.
Айта кетсек, өткөн айдын аягында катуу инфляция жана улуттук валютанын кунунун түшүшүнөн улам Ирандын ар кайсы шаарларында массалык нааразычылык акциялары башталган. Акция учурунда демонстранттар менен коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда кагылышуулар болду.
Нааразычылык акциялары маалында АКШнын президенти Дональд Трамп 2-январда билдирүү жасап, эгер өлкө бийлиги митингчилерге каршы күч колдонсо, АКШ Иран жарандарын коргоого даяр экенин айтты. Тегеран бул коркутууларды айыптады.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















