Ташиев: “Жаңжал тууралуу кабар алганда Германияга учпай, Баткенге кеттим”
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев президенттин ант берүү аземинен кийин январь айынын аягында Германияга дарыланууга барып, апрель айында кайрадан текшерүүдөн өтүү үчүн бармак. Бирок чек арадагы кырдаалга байланыштуу сапарын токтотуп, Баткенге жөнөгөнүн билдирди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров тууралуу тартылган документалдуу тасманын экинчи бөлүгүндө баяндалат.
Анын айтымында, ал жүрөк оорусуна байланыштуу Мюнхен шаарында операция жасатып, ийгиликтүү дарыланып чыккан. Дарыгерлер эки айдан кийин кайра текшерүүдөн өтүүнү сунуштаган.
"28-апрель күнү мен кайрадан Германияга жөнөп, Стамбулга жетип, учакка чыгып жаткан маалда мага “чек арада жаңжал башталды” деген кабар келди. Азыр эстесем, эстеш өтө оор, бирок тарых үчүн айтып коюш керек, муну эч кимге айта элек элем",- деди Камчыбек Ташиев.
Ал ошол учурда Германияга учуудан баш тартып, дароо Кыргызстанга кайтуу чечимин кабыл алган.
"Ошондо мен Германияга барбайм деген чечим кабыл алып, учакка чыкпастан кайра артка кайттым. 30у күнү эрте менен Бишкекке учуп келип, аэропорттон эле Баткенге учуп кеттим. Бул биринчи кагылышуу болчу",- деп белгиледи ал.
УКМК төрагасы бул чечим өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу кабыл алынганын кошумчалады.
Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров тууралуу документалдык тасманын экинчи бөлүгү кечээ, 6-январда жарыкка чыкты. Анда чек ара маселесине басым жасалган. Тасма 4 бөлүктөн турат, жакынкы күндөрү дагы 2 сериясы сунушталат.
Ташиев: “Жаңжал тууралуу кабар алганда Германияга учпай, Баткенге кеттим”
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















