Мексиканын президенти Венесуэладагы акыркы окуяларга комментарий берди
Мексиканын бийлиги эл аралык көйгөйлөрдү чечүүдө зордук-зомбулукту эч качан кабыл албайт. Бул тууралуу Мексиканын президенти Клаудиа Шейнбаум Венесуэладагы акыркы окуяларга комментарий берип жатып айтканын чет элдик басылмалар жазышты.
"Венесуэладагы Мадуронун режимине ким макул, ким макул эместиги башка нерсе. Президентти кулатуу үчүн күч колдонгон өлкө башка нерсе. Биз буга эч качан макул болбойбуз... Буга көз жумуп коюуга болбойт",- деген ал.
Шейнбаум Мексиканын тышкы саясаты ар дайым өлкөлөрдүн көз карандысыздыгын коргоого негизделгендигин белгилеп, "биз БУУнун уставынын чегинен тышкары бир өлкөнүн экинчи өлкөгө басып киришине эч качан макул болбойбуз, атүгүл бийликке олуттуу айыптар тагылган учурларда да" деген.
Белиглей кетсек, 3-январда АКШ Венесуэлада атайын операция жүргүзүп, өлкөнүн лидери Николас Мадурону жубайы менен бирге туткундап, алып чыгып кеткен. Аларга курал-жарак сактоо жана маңзат аткезчилиги боюнча айып тагылууда.
5-январда Венесуэланы убактылуу президент катары Делси Родригес башкарууга алды. Ал буга чейин өлкөнүн вице-президенти болуп иштеп турган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















