Макрон, Стармер жана Зеленский Украина боюнча документке кол коюшту
Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер жана Украинанын президенти Владимир Зеленский согуштук аракеттер токтотулгандан кийин Украинанын аймагына көп улуттуу күчтөрдү жайгаштыруу тууралуу декларацияга кол коюшту.
Чет элдик басылмалар кол коюу Парижде “Каалоочулар коалициясына” мүчө мамлекеттердин өкүлдөрүнүн жолугушуусунда болгонун жазышты.
Жолугушуунун жыйынтыктарына комментарий берип жатып Макрон АКШ ок атышууну токтотууга мониторинг жүргүзүү механизмдерине катышууга даяр экенин билдиргенин айткан. Өз кезегинде Стармер декларацияга кол коюу Украинага аскерлерди жөнөтүү вариантын мыйзамдуу даярдоо боюнча иштин башталышын билдирет деген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















