Жапаров: “Тажик тараптан кол салуу болору тууралуу маалыматтар 2020-жылдын декабрь айында эле келген”
Президент Садыр Жапаров 2020-жылдын декабрь айынан тарта Кыргыз-Тажик чек арасында кагылышуу болушу мүмкүн экендиги тууралуу маалыматтар келе баштаганын билдирди.
Анын айтымында, 10-январда президенттик шайлоо өтүп, андан кийин инаугурацияга даярдык көрүлүп жаткан мезгилде бул маалыматтар күч алган. Бул тууралуу журналист Айбек Бийбосун уулунун президент тууралуу тарткан документалдуу тасмасында айтылат.
"Ал убакта коргоо министри Таалай Өмүралиев, ал эми Коопсуздук кеңешинин катчысы Мусаев аттуу генерал болчу. 14-январда экөөнү чакырып, мага жазында тажик менен кыргыздын ортосунда согуш болушу мүмкүн деген маалыматтар келип жатканын айттым. Чет өлкөлөрдөн да ушундай маалыматтар түшүп жаткан. Бирок экөө тең “Тажикстан кол салбайт” деп ишендиришти",- деди президент.
Ошого карабастан Садыр Жапаров сактык чарасы катары түндүктөгү аскердик техниканы түштүккө жөнөтүү боюнча тапшырма бергенин белгиледи. Анын сөзүнө караганда, 3-апрелге пландалган Баткендеги аскердик машыгуунун алкагында техника түштүк аймакка топтолгон.
"Ошондо карасак, болгону эки тик учак бар экен, анын бирөө араң учат. Танкалар от албайт, от алса жүрбөйт, жүрсө бир нече чакырымдан кийин токтоп калат. Кыйратуучу күчкө ээ техника дээрлик жок экен. Армиябыз өтө начар абалда болгон",- деди ал.
Эске салсак, Тажикстандын куралдуу күчтөрү Кыргызстандын жай турмуштагы калкына 2021-жылы 29-апрель күнү куралдуу кол салуу уюштуруп, натыйжада 36 кыргыз жараны кайтыш болуп, 180дей адам ар кандай жаракаттарды алышкан болчу.
Жапаров: "Тажик тараптан кол салуу болору тууралуу декабрь айында эле маалыматтар келген"
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















