Садыр Жапаров өлкө православдарын Рождество майрамы менен куттуктады
Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 7-январда православ динин тутунган кыргызстандыктарды Иса пайгамбардын туулган күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттукттоосу президенттин администрациясынын сайтына жарыяланды.
"Кыргызстандын православдык жарандарын ушул кубанычтуу жана жаркын майрам – Христостун туулган күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!
Бул майрам түбөлүктүү руханий баалуулуктардын – кайрымдуулук, жакынына болгон сүйүү, боорукердик жана жакшылыкка болгон ишенимди чагылдырып турат. Көптөгөн кылымдар бою Христостун туулган күнү адамдардын тынчтыкка, ынтымакка жана бири-бирин урматтоого болгон умтулуусун бекемдеп, адеп-ахлактык жаңылануунун булагы катары кызмат кылып келет.
Православ ишенимин кармангандар коомубуздагы конфессиялар аралык ынтымакты, руханий байлыкты жана маданий ар түрдүүлүктү сактоого олуттуу салым кошуп келет. Өлкөбүздүн жалпы келечеги үчүн өз ара түшүнүшүү, биримдик жана жаратуучулук идеалдарына берилгендигиңиздерди жогору баалайм.
Ушул жаркын майрамда сиздерге чың ден соолук, бакубатчылык жана бакыт каалайм. Ар бир үйдө тынчтык, жылуулук, өз ара колдоо өкүм сүрсүн",- деп жазылган анда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















