АКШнын Венесуэладагы операциясында 7 америкалык жоокер жарадар болгон
Америкалык 7 аскер кызматкери Венесуэладагы АКШнын атайын операциясы учурунда жарадар болгонун Associated Press жеке булактарына таянып билдирди.
Басылма жабыркагандардын 5и кызматына кайтышса, 2си Техас штатындагы Сан-Антонио шаарындагы медициналык борбордо дарыланып жатышканын белгилейт. Венесуэлада жарадар болгондор Пуэрто-Рикодон Сан-Антониого АКШнын аба күчтөрүнө таандык C-17 Globemaster III учагы менен жеткирилген.
Эске салсак, ,3-январда АКШ Венесуэлада атайын операция жүргүзүп, өлкөнүн лидери Николас Мадурону жубайы менен бирге туткундап, алып чыгып кеткен. Пентагон Николас Мадурону Каракаста кармоо операциясына 200гө жакын америкалык аскер катышканын билдирген.
Венесуэла 24 коопсуздук кызматкери каза болгонун кабарласа, Куба ал күнү Венесуэлада кызмат өтөгөн Кубанын 32 аскери өлтүрүлгөнүн жарыялаган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















