Лионель Месси келечекте өзүн машыктыруучу катары көрөбү же жокпу?
"Интер Майами" футбол клубунун жана Аргентина курама командасынын чабуулчусу Лионель Месси өзүн келечекте машыктыруучу катары көрбөй турганын LUZU TV телеканалына берген маегинде айтып бергенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Сегиз жолку "Алтын топтун" ээси келечекте өзүнүн футбол клубун түзүү каалоосу бар экенин жашырган эмес.
"Чынын айтсам, мен өзүмдү машыктыруучу катары көрбөйм. Мага башкаруучу болуу жагат. Эгер тандоо болсо, анда клубдун ээси болмокмун. Өзүмдүн жеке клубума ээ болуу жана аны башынан баштап өнүктүрүү мени кызыктырат",- деген ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:25
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















