Жапаров документалдуу тасмада Түркиядан Байрактар кантип алынып келгенин айтып берди
Президент Садыр Жапаров Түркиядан кыргызстандык аскерлерге арналган Байрактар кантип алынып келгенин өзү тууралуу тартылган документалдуу тасмада айтып берди.
Жапаровдун айтымында, 2016-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганды катуу таарынтып, анда Эрдоган "Кыргызстанга тарых барагын жапкыла" деп айткан.
"Барып Эрдоган мырзага: “Бир кыргызга таарынып, 7 миллион кыргызды жээрибе, 1 түрк үчүн 70 миллион түрк менен катышпайбыз” деп айтсам туура болобу десем, ал мени кучактап: “Жакшы бала экенсиң, кыргыздарга жаңы тарых барагын ачкыла” деди. Аны жибитип, макул кылдырып анан 1 комплект Байрактарды алып келдик. 60 аскер кызматкерибизди жиберип, 3-6 айда баарын окутуп алдык",- деп эскерди Жапаров.
Байрактар учкучсуз учуучу куралы өлкөнүн Чек ара кызматына 2021-жылдын декабрь айында берилген.
Жапаров документалдуу тасмада Түркиядан байрактар кантип алынып келгенин айтып берди
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















