super.kg logo

АКШ бийлиги Родригес менен Мадуро кармалардан мурун сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн

 

Америкалык расмий өкүлдөр Венесуэланын вице-президенти Делси Родригес жана Улуттук ассамблеянын спикери Хорхе Родригес менен Каракастагы операция башталар алдында бир нече ай бою сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Бул тууралуу CNN телеканалы жеке булактарына таянуу менен билдирди.

Булактардын айтымында, сүйлөшүүлөр Николас Мадурону бийликтен кулатууга көмөк көрсөтүүнү камтыган эмес. Бирок алар Родригести Венесуэланын президентин өзгөртүүгө үндөшкөн.

Эске салсак, 3-январда АКШ Венесуэлада атайын операция жүргүзүп, өлкөнүн лидери Николас Мадурону жубайы менен бирге туткундап, алып чыгып кеткен. 5-январда Венесуэланы убактылуу президент катары Делси Родригес башкарууга алды. Ал буга чейин өлкөнүн вице-президенти болуп иштеп турган.

Вашингтон Родригести убактылуу өкмөттү башкарып турууга ылайыктуу көрөрү айтылууда. АКШ бийлиги оппозиция лидери Мария Корина Мачадодон айырмаланып, Родригес Венесуэланын коопсуздук күчтөрүн көзөмөлдөй алат деген тыянакта.

АКШнын лидери Дональд Трамп Мачадону колдобой койгонун The Washington Post басылмасы жазып чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: