Жалал-Абаддагы жоокердин өлүмүнө шектүү кармалды
Жалал-Абадда 18 жаштагы жоокерди өзүнө кол салууга жеткирген деген шек менен 19 жаштагы жоокер кармалды. Бул тууралуу айрым жергиликтүү басылмалар Аскер прокуратурасына шилтеме берип жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин 1-бөлүгү (Өзүнө кол салууга жеткирүү) менен кылмыш иши ачылган. Шектүү Манас шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Аскер прокуратурасы керектүү экспертизалар жүргүзүлүп, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаментинин жооптуу кызматкерлерине чара көрүлөрүн кошумчалаган.
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Бай-Мундуз айылындагы №10 түзөтүү мекемесинде кызмат өтөп жаткан жоокер 5-январда өз жанын кыйганы маалымдалган.
Эске салсак, 5-январда Жалал-Абадда абак кайтарган жоокер өзүнө ок чыгарып, каза болгону кабарланган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















