Жапаров чек ара маселесин чечүү тууралуу: "Биринчи кадамды мен жасадым"
Президент Садыр Жапаров Кыргыз-Тажик чек арасы маселесин чечүү боюнча жасалган кадамдар тууралуу айтып берди. Журналист Айбек Бийбосун уулуна билдиргендей, мамлекет башчы Тажикстандын президенти менен сүйлөшүүдө биринчи кадамды өз алдынча таштаганын белгиледи.
"Жаш катары биринчи кадамды таштадым. Анткени алар 30 жылдан бери президент болуп көнүп калган. Анын үстүнө, БУУнун трибунасында да катуу айтып койгом. Саммиттерде жолугуп калганда “келиңиз эми, сүйлөшөлү” деп кайрылып жаттым. Биринчисинде “сүйлөшпөйм” деп такыр каршы болуп, экинчисинде жибиди. Анын жибигенинде Шавкат Мирзиёевдин салымы зор. Ал киши дагы “чече турган киши бийликке келди, чечип алгыла” деп айтып турду. Ошентип маселе чечилди",- деди Жапаров.
Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 970-980 чакырымды түзөт. Аны тактоо иштери 2002-жылы башталып, 2020-жылга чейин 519 чакырымы толук такталган. 2022-жылы эки республиканын башчылары жолукканда, жалпысынан 664 чакырымга байланыштуу орток пикир бар экени ырасталган.
2025-жылдын март айында Жогорку Кеңеш Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасы тууралуу келишимди ратификациялаган эле. Чек ара аймагында делимитация иштеринин баары аяктап, учурда демаркация иштери кызуу жүрүүдө.
Жапаров чек ара маселесин чечүү тууралуу: "Биринчи кадамды мен жасадым"
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















