Бишкекте милиция кызматкери балдарга жылуу мамиле көрсөттү (видео)
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Кайгуул-күзөт кызмат полкунун кызматкери кызмат учурунда борбордук Ала-Тоо аянтында жүргөн жаш балдардын суранычын четке каккан жок.
Милиция кызматкери балдарды кызматтык автоунаага отургузуп, милициянын унаасын көрсөтүп берди. Бул окуя жаш балдардын милицияга болгон ишенимин арттырып, алардын жүзүнө жылмаюу тартуулады.
Бишкек ШИИББинин аталган полкунун басма сөз кызматы жылуу мамиле көрсөткөн кызматкерди белгилеп, мындай аракет коомчулук үчүн үлгү болуп эсептелерин билдирди.
Бишкекте милиция кызматкери балдарга жылуу мамиле көрсөттү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:24
2026-02-13
20:04
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















