super.kg logo

Карылар үйүндөгү өрттөн жабыркагандар үчүн донордук кан керек

 

Кечээ, 6-январда борбордогу карылар үйүндө чыккан өрттөн жабыркаган бейтаптар үчүн донордук канга муктаждык бар. Бул тууралуу Республикалык саламаттыкты чыңдоо борбору Республикалык кан борборуна шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка ылайык, майрам күндөрү донорлордун саны азайып, канга болгон муктаждык, тескерисинче, жогорулайт. Буга эс алуу жана өргүү мезгили себеп болууда.

Жардам берүүнү каалаган жарандар Бишкек шаары, Чыңгыз Айтматов проспекти, 60 дареги боюнча кайрыла алышат. Республикалык кан борбору майрам күндөрү — 7, 8, 9-январда саат 08:00дөн 14:30га чейин иштейт. Донорлор өздүгүн тастыктаган документ алып келиши керек.

Кан тапшыруунун алдында майлуу, куурулган жана сүт азыктарын колдонбоо сунушталат. Кан тапшырууга даярдык көрүү тууралуу кеңири маалыматты расмий булактардан алууга болот.

Эскерте кетсек, 6-январда карылар үйүнүн өзүнчө жайгашкан паллиативдик бөлүмүнүн палатасында өрт чыккан. Анын кесепетинен оор абалда жаткан эки бейтап каза болуп, Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 14 адам ооруканага жаткырылган.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: