Кыргыз-Өзбек чек арасы: Ташиев сүйлөшүүлөрдүн көшөгө артындагы жагдайларын баяндады
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз-Өзбек чек арасын тактоо жана чечүү процесси өтө татаал жана оор болгонун журналист Айбек Бийбосун уулуна айтып берди. Анын айтымында, сүйлөшүүлөр маалында кайчы пикирлер чыгып, айрым учурда жаңжалдарга чейин жеткен.
"Биз урушуп, жаңжалдашып, баарын столго чаап таштап коюп, басып кеткен күндөр да болду. Муну азыр айтсам мамлекеттик сырды ачкан болбойм, бардык жетекчилер билишет. Өзбекстандын премьер-министри Арипов ал тараптагы комиссияны жетектеп, мен биз тараптагы комиссияны жетектеп жүрдүм. Бир кезде экөөбүз пикир келишпей калып, урушуп кеттик. Кээде үнүбүздү көтөрүп, жакшы-жаман сөздөр да айтылды. Ал дагы бурулуп кетти, мен дагы кеттим",- деди Ташиев.
Анын айтымында, бир аз убакыттан кийин Өзбек тарап сүйлөшүүнү улантууну сунуштаганына карабай, ал макул болбой койгон учурлар да болгон.
"Бир аздан кийин ал “кел, кайра сүйлөшөлү” деп чакырганда мен “жок, сүйлөшпөйм” деп көгөрүп туруп алдым. Андай учурларда президентибиз ортого түшүп, эки өлкөнүн президенттери бизди кайрадан столго отургузган күндөр болду. Көрдүңүзбү, маселе канчалык оор болгон",- деп кошумчалады ал.
Ошол эле учурда Камчыбек Ташиев негизги максат аткарылганын белгилеп, чек ара маселеси толук чечилгенин айтты.
"Тыштан караган адамга баары оңой эле чечилип калгандай көрүнүшү мүмкүн. Бирок эң негизгиси — биз чек араларыбызды чечип алдык, мамлекетибиз юридикалык жактан толук эгемендүүлүккө ээ болду. Эми мындан ары, Кудай буюрса, чоң жаңжалдар чыкпайт",- деди УКМК төрагасы.
Эскерте кетсек, Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасы боюнча келишимдин долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын ноябрь айында кабыл алынып, 2023-жылдын январында Бишкекте эки өлкөнүн президенттери ратификациялоо грамоталарын алмашкан.
Ташиев Арипов менен урушуп....
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















