"Чачым капкара эле, азыр агарып кетти" — Жапаров президенттик жоопкерчилик тууралуу
Президент Садыр Жапаров элдин жүгүн көтөрүү чоң жоопкерчилик экенин белгилеп, бул тууралуу өзү тууралуу тартылган тасмада айтып берди. Мамлекет башчы президенттик кызматка келгенден кийинки жылдар анын жашоосуна жана сырткы келбетине да олуттуу таасир эткенин жашырган жок.
"Түрмөдөн жаңы чыккан кезимде жапжаш бала экенмин. Чачтарым капкара, бетимди бырыш баспаган, өзүм да карап жапжаш болгон экенмин дейм. Беш жылдын ичинде аябай карып кетиптирмин. Бул элдин түйшүгүнүн жоопкерчилигинен", — деди президент.
Ал мурунку президенттердин айрымдарына салыштырып, ишке болгон мамиле тууралуу да пикирин ачык айтты.
"Сындап жаткандай болбоюн, бирок мурдагы президенттердин айрымдарындай санааң жок болуп, жатып алсаң, президенттик абдан эле жакшы кызмат. Баары бар: тамак-ашың даяр, кийимиңди даярдап беришет. Бир гана иштешиң керек. Бирок иштебей, жыргап эле жатып алсаң да болот. Бирок анда экономика өспөйт, иш жылбайт", — деди ал.
Президенттин айтымында, мамлекет башчы үчүн эң негизгиси — элдин тынчтыгы жана өлкөнүн өнүгүүсү. Эгер эл тынч болбосо, бийликтин да мааниси калбай турганын баса белгиледи.
"Эгерде элиң тынч болбосо, сага андай бийликтин эмне кереги бар?" — деди Садыр Жапаров.
Эске салсак, Садыр Жапаров 2021-жылдын 28-январында президенттик кызматка киришкен.
Садыр Жапаров: "Элдин түйшүгү өтө жооптуу"
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















