Чүйдө тууганын өлтүрүүгө аракет кылган делип 22 жаштагы жигит кармалды
Ысык-Ата районунда адам өлтүрүүгө аракет кылган делип 22 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 7-январда милиция шектүү тарабынан бычакталган жаран Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборуна жаткырылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Медициналык мекемеге барган милиция кызматкерлерине ал арыз жазып берген.
Жабырлануучунун айтымында, окуя ошол күнү түнкү саат 02:15 чамасында Биринчи Май айылындагы үйдүн жанында болгон. Ортодо пикир келишпестиктен чыр чыгып, шектүү ашкана бычагы менен анын моюнунун сол тарабына, ийинине, көкүрөк бөлүгүнө жана ич көңдөйүнүн каптал жагына сайып салган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүүгө аракеттенүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөөдө алар бири-бирине тууган экендиги, мурдатан бери касташып жүрүшкөнү аныкталган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















