АКШ Венесуэла мунайын сатууну көзөмөлүнө алды
АКШ өкмөтү Венесуэла мунайынын дүйнөлүк рынокто сатылышын көзөмөлгө алганын чет элдик басылмалар жазышууда.
АКШнын энергетика министри Крис Райт Вашингтон Венесуэлага коюлган деңиз бөгөтүн алып салып, өлкөнүн мунай экспортун толук өз көзөмөлүнө алууну чечкенин жарыялаган.
Анын айтымында, Венесуэланын мунайын сатуудан түшкөн бардык кирешелер АКШ көзөмөлдөгөн эсептерге түшөт.
"Бул каражаттар Америка жана Венесуэла элинин жыргалчылыгы үчүн АКШ өкмөтүнүн кароосу боюнча бөлүштүрүлөт. Мунай сатуу дароо башталып, болжол менен 30-50 миллион баррелдин сатылышы күтүлүүдө. Бул сатуулар чексиз уланат",- деген Райт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:25
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















