АКШнын мамкатчысы Гренландияны талкуулоо үчүн Даниянын бийлиги менен жолугушат
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио келерки аптада Даниянын бийлик өкүлдөрү менен жолугуп, Гренландия маселесин талкуулайт.
"Мен бул жерге Дания же аскердик интервенция тууралуу сүйлөшүү үчүн келген жокмун. Даниялыктар менен келерки аптада жолугам",- деген ал журналисттердин "Вашингтон Гренландиядагы ыктымал аскердик операцияны жокко чыгарабы?" деген суроосуна жооп берип жатып.
Мамлекеттик катчы алар менен Гренландия маселесин талкуулай турганын, бирок азырынча кошумчалай турган эч нерсеси жок экенин баса белгиледи.
Рубионун айтымында, АКШ президенти Дональд Трамп Гренландиянын аннексияланышына кызыкдар болгон биринчи америкалык лидер эмес.
Айта кетсек, Трамп Даниянын карамагындагы Гренландияны АКШга кошуу керек деген пикирин байма-бай айтып келет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















