АКШнын Венесуэлага жасаган чабуулунан кеминде 100 адам каза болду
АКШ тарабынан Венесуэлага жасалган чабуулдун натыйжасында кеминде 100 адам каза тапты. Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министри Диосдадо Кабельо билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Анын айтымында, учурда каза болгондордун саны 100гө жетип, дагы ошончо адам жаракат алган. Курман болгондордун арасында чыр-чатакка тиешеси жок карапайым жарандар, анын ичинде үйүндө болгон аялдар да бар.
"Азырынча 100 адам каза болду. Жаракат алгандардын саны да болжол менен ушундай. Кагылышка тиешеси жок, тынч жашоодо болгон адамдар, өз үйлөрүндө отурган аялдар набыт кетишти. Алар биздин өлкөгө ташталган күчтүү бомбалардын айынан жабыркашты",- деди министр.
Ошол эле учурда АКШ бийлигинин баалоосу боюнча, президент Николас Мадурону кармоо операциясынын жүрүшүндө болжол менен 75 адам каза болгон. Алардын бир бөлүгү Каракастагы президенттик резиденциянын жанында болгон атышууда курман болгон.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















