super.kg logo
  Спорт  

Акжол Махмудов футзал боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы менен жолукту

 

Балбан Акжол Махмудов футзал боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Футзал ассоциациясынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Акжол Махмудов командага алдыда өтө турган Азия кубогунда ийгиликтерди каалап, спорттогу жеке тажрыйбасы, даярдык процесси жана мотивация тууралуу айтып берди. Ал жогорку жыйынтыктарга жетүүдө тартип, туруктуу эмгек жана ишенимдин маанилүүлүгүн белгиледи.

Эске салсак, футзал боюнча Азия кубогу 2026-жылдын 27-январынан 7-февралына чейин Индонезияда өтөт. Турнирге 16 команда катышат.

Кыргызстандын улуттук курамасы "А" тайпасында чыгып, Индонезия, Ирак жана Түштүк Кореянын курама командалары менен беттешет.

Белгилей кетсек, Акжол Махмудов Олимпиада оюндарынын эки жолку байге ээси. Ал Токио жана Париж Олимпиадаларында байгелүү орундарды ээлеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: