super.kg logo

Рамзан Кадыров Владимир Зеленскийдин билдирүүлөрүнө жооп берди

 

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин АКШны ага каршы чара көрүүгө чакырган билдирүүлөрүнө комментарий берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Кадыров бул боюнча өзүнүн Telegram каналында билдирүү жарыялап, Зеленскийдин сөздөрүн сынга алды.

"Байкагыла, ал муну өзү жасайм деп да коркуткан жок… Мындай ойду элестетүүгө да аракет кылган жок",- деп жазды Чеченстандын башчысы.

Анын айтымында, Украина президентинин мындай билдирүүлөрү үчүнчү өлкөлөрдү жаңжалга тартууга жасалган аракет болуп саналат. Кадыров мындай чакырыктарды кабыл алынгыс деп атап, алар кырдаалды ого бетер курчутарын белгиледи.

Ошондой эле ал Зеленскийдин аракеттери тынчтык жолу менен жөнгө салуу процессин үзгүлтүккө учуратууга багытталганын көрсөтүп турат деген пикирин билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин Владимир Зеленский АКШны Венесуэланын лидери Николас Мадурого каршы жүргүзүлгөн операциянын тажрыйбасын колдонууга чакырып, Орусияга басым жасоо үчүн Чеченстандын башчысына каршы чара көрүүнү сунуштаган. Анын айтымында, Москвага кысым көрсөтүүнүн жолдорун табуу согушту токтотууга жардам берет.

Эске салсак, 3-январда АКШ Венесуэлага сокку уруп, өлкө президенти Николас Мадуро жана анын жубайы Силия Флорес кармалып, Нью-Йоркко жеткирилген. Сотто Николас Мадуро өзүн Венесуэланын мыйзамдуу президенти деп атап, коюлган айыптардын баарын толугу менен четке какты. Анын жубайы Силия Флорес да күнөөсүз экенин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: