Зеленский АКШга Мадуронун мисалында Кадыровго каршы чара көрүүнү сунуштады

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШны Венесуэланын лидери Николас Мадурого каршы жүргүзүлгөн операциянын тажрыйбасын колдонуп, Орусияга басым жасоого чакырды. Ал бул алкакта Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровго каршы чара көрүүнү сунуштаганын чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, Зеленский бул тууралуу шаршемби күнү, 7-январда журналисттер менен болгон жолугушууда билдирген.
Анын айтымында, АКШ Орусияга таасир этүү үчүн жетиштүү мүмкүнчүлүктөргө ээ.
"Америкалыктар, менин оюмча, натыйжалуу иштеп жатышат. Жакшы жыйынтыктар бар, бирок баары аягына чейин жеткириле элек. Алар Орусияга басым жасашы керек. Алардын колунда инструменттер бар, алар муну жасай алышат. Эң башкысы — Украина алар үчүн артыкчылыктуу багыт болушу зарыл",- деди Зеленский.
Украина президенти Орусияга кысым көрсөтүүнүн жаңы жолдорун табуу согушту токтотуу үчүн зарыл экенин белгиледи.
"Мадуро боюнча мисалды алалы. Операция жүргүзүлдү, натыйжасын бүт дүйнө көрдү. Муну тез жасашты. Эмне үчүн Кадыров боюнча да кандайдыр бир операция өткөрбөсө болбойт? Балким, ошондо Путин муну көрүп, ойлонуп калат",- деди ал.
Эске салсак, шаршемби күнү АКШнын президенти Дональд Трамп анын катышуусу жок Орусия Украинанын бүт аймагын көзөмөлдөп калмак экенин билдирип, дал өзүнүн аракеттери Москванын бул кадамына бөгөт койгонун белгилеген. Бул тууралуу америкалык лидер Truth Social социалдык тармагындагы баракчасында жазган.
Ал эми өткөн жумада Владимир Зеленский өлкө бир эле учурда өзү ырааттуу илгерилетип жаткан дипломатиялык аракеттерге да, активдүү коргонуу саясатын улантууга да даярданып жатканын билдирген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















