АКШ виза үчүн күрөө төлөнө турган өлкөлөрдүн тизмесин кеңейтти: Кыргызстан да кошулду
АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы Кошмо Штаттарга кирүү үчүн күрөө (visa bond) төлөнө турган өлкөлөрдүн тизмесин кеңейтти. Мамлекеттик департаменттин сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, тизме 6-январда жаңыланып, ага дагы 25 мамлекет кошулган. Алардын арасында Кыргызстан да бар.
Муну менен виза алуу үчүн жарандары күрөө төлөөгө милдеттүү болгон өлкөлөрдүн саны 38ге жетти. Борбордук Азиядан бул тизмеге Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан кирди.
Мамлекеттик департаменттин маалыматына ылайык, аталган тизмедеги өлкөлөрдүн жарандары B1/B2 категориясындагы (туристтик жана иш сапар) визаларга арыз тапшырып, ал жарактуу деп табылган учурда 5 миң, 10 миң же 15 миң доллар өлчөмүндө күрөө төлөөгө милдеттүү болушат. Күрөөнүн так суммасын консул маектин жүрүшүндө аныктайт.
Мындан тышкары, арыз ээси Ички коопсуздук министрлигинин I-352 формасын толтурушу жана төлөмдү АКШнын Каржы министрлигине караштуу Pay.gov расмий платформасы аркылуу жүргүзүшү керек.
Бул чара АКШ администрациясынын мыйзамдуу жана мыйзамсыз миграцияны кыскартууга багытталган кеңири стратегиясынын алкагында кабыл алынган. Мамлекеттик департамент белгилегендей, күрөө төлөтүү талабы туристтик же иш визасы менен келип, өлкөдө уруксат берилген мөөнөттөн ашык калып кетүү учурларын алдын алуу максатын көздөйт.
Чечим Ички коопсуздук министрлигинин 2024-жылдагы баяндамасына негизделген. Анда кайсы өлкөлөрдүн жарандары визада көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашыкча калгандыгы боюнча статистикалык маалыматтар камтылган.
Күрөө төлөп, виза алган жарандар АКШга үч гана аэропорт аркылуу кирип-чыга алышат. Алар:
-
Бостондогу Логан эл аралык аэропорту,
-
Нью-Йорктогу Жон Кеннеди эл аралык аэропорту,
-
Вашингтондогу Даллас эл аралык аэропорту.
Мамлекеттик департамент күрөө визанын сөзсүз берилерин кепилдебей турганын, ошондой эле тиешелүү кызматкердин макулдугусуз төлөнгөн каражаттар кайтарылбай турганын эскертти.
Ошол эле учурда АКШ бийлиги күрөө кайсы учурларда кайтарылары тууралуу так маалымат берди. Эгер виза ээси:
-
АКШдан уруксат берилген мөөнөттөн кечикпей чыгып кетсе;
-
Визанын мөөнөтү бүткөнгө чейин АКШга такыр барбаса;
-
Чек арадан кирүүгө арыз берип, уруксат ала албаса.
Мындайда күрөө автоматтык түрдө жокко чыгарылып, төлөнгөн акча кайтарылат.
Ал эми виза ээси:
-
АКШда уруксат берилген мөөнөттөн ашык калса;
-
Өлкөдөн такыр чыгып кетпесе;
-
Иммигрант эмес макам менен жүрүп, макамын өзгөртүүгө, анын ичинде башпаанек алууга арыз берсе.
Мындайда төлөнгөн күрөө кайтарылбай калышы мүмкүн.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















