Алматы – Бишкек трассасындагы кырсык: Индия жарандары каза болушту

Казакстандын Алматы облусунун полиция департаменти Алматы – Бишкек трассасында катталган жол кырсыгы боюнча маалыматтарды жарыялады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү баслмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, кырсык трассанын 86-чакырымында болгон.
"Баштапкы маалымат боюнча, 33 жаштагы Toyota Alphard унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, машина оодарылып кеткен. Жол кырсыгынын натыйжасында айдоочу алган жаракаттарынан жеринде каза болду. Эки жүргүнчү кийинчерээк медициналык мекемеде көз жумду, дагы үчөөнү ар кандай жаракаттар менен ооруканага жаткырдык",- деп кабарлашты полициядан.
Учурда кырсыктын бардык жагдайларын аныктоо үчүн тергөө иштери жүрүүдө.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсык 6-январда катталган. Индиянын Астанадагы элчилиги билдиргендей, унаада беш Индия жараны болгон — алардын төртөө Шымкенттеги Түштүк Казакстан медициналык академиясынын студенти, бирөө турист. Алар Шымкенттен Алматыга бара жатышкан.
0
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео
















