super.kg logo

ТИМ АКШ визасын алууда төлөнө турган күрөө боюнча маалымат берди

 

Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги АКШга кирүү үчүн B-1/B-2 категориясындагы (туристтик жана ишкердик) визаларга арыз берүүнү пландап жаткан кыргызстандыктарга кошумча талаптар киргизилгендигин тастыктады.

Министрлик АКШ тарабынан кыргызстандыктар үчүн 5000ден 15 миң долларга чейин каржылык күрөө төлөө талабы киргизилип жатканын белгилейт. Каржылык күрөөнүн так өлчөмү маектешүүнүн жүрүшүндө консулдук кызматкер тарабынан жеке тартипте аныкталат.

ТИМ кыргызстандыктар көңүл бурчу маалыматтарды тизмектеди:

  • каржылык күрөөнүн төлөнүшү визанын берилишине кепилдик бербейт;
  • АКШнын аймагында иммиграциялык статус өзгөртүлгөн учурда же уруксат берилген мөөнөттөн ашыкча калган учурда күрөө кайтарылбайт;
  • көрсөтүлгөн талаптар күчүнө киргенден кийин берилген жаңы арыздарга гана колдонулат.

Каржылык күрөө шартында виза алган жарандар АКШга кирүүнү жана андан чыгууну төмөнкү өткөрмө пункттары аркылуу гана жүзөгө ашырууга милдеттүү:

  • Бостон шаарындагы Логан эл аралык аэропорту;
  • Нью-Йорк шаарындагы Жон Кеннеди атындагы эл аралык аэропорт;
  • Вашингтон шаарындагы Даллес атындагы эл аралык аэропорт.

Буга чейин АКШ өлкөгө кирүү үчүн күрөө төлөнө турган өлкөлөрдүн тизмесин кеңейткенин жарыялаган. Тизмеде Борбордук Азия өлкөлөрүнөн Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан бар.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: