Мурат Бисенбин: Казак кинодогу Руслан жана чыгармачылыктагы көп кырдуу талант
Мурат Бисенбин — казак киносуна жарык чачкан таланттуу актёр. Боюнун узундугу 190 сантиметр болгон Мурат көбүнчө боевик жана криминал жанрындагы тасмаларда ойногон. Эң белгилүү ролу — "Рэкетир" тасмасындагы Руслан, ал көрүүчүлөрдүн эсинде түбөлүккө калды...

Балалык, спорт жана инженердик жол
Мурат Бисенбин 1972-жылы 11-октябрда Кызылордо шаарында төрөлгөн. Жаш кезинде ал спортто мыкты ийгиликтерге жетишкен: бокстун, күрөш, оор атлетика жана велосипед жарыштары анын жаштыгын белгилеп турган. Башында физкультура факультетине барууну пландап, бирок ата-энесинин кеңеши менен агрардык инженер-механик адистигин алган.
Инженер катары карьерасы жакшы болбой, Мурат кароолчу болуп иштеп, "Казахфильм" студиясына сүрөттөрүн жана резюмесин жөнөткөн. Бирок ал чыгармачылыкка кийин Алматыдагы Искусство академиясын аяктап, кино дүйнөсүнө толук кирген.

Экрандагы жол
Мурат экранга "Каждый взойдет на Голгофу" аттуу казак-орус сериалындагы эпизод менен дебют жасаган. Бул тасмада Валентин Гафт, Евгения Крюкова жана Владимир Стеклов сыяктуу атактуу актёрлор менен бирге ойногон.
Мурат Бисенбиндин "Рэкетир" боевигиндеги Русландын образы көрүүчүлөргө абдан жаккан. Кийинки "Братья" тасмасында да анын каарманы ошол эле ат менен чыкты. 2017-жылы Ернар Нургалиевдин "Брат или брак" комедиясы чоң популярдуулукка ээ болуп, уландысы 2018-жылы жарык көргөн.


2020-жылдарда Мурат "Ага" жана "13 клиническая" тасмаларында башкы ролдорду ойноду.
2024-жылдын 1-октябрында KION платформасында 7 сериялык "Амура" драмасынын премьерасы болду, анда Мурат Хатимурунун ролун аткарган. Кастка Юрий Колокольников, Екатерина Вилкова, Амаду Мамадаков жана Жаргал Бадмацыренов кирген.

Жеке турмуш жана таланттар
Мурат үй-бүлөсүнө абдан кам көргөн. Анын үч баласы бар — Валихан, Эмир жана кызы Диана. Ал гитара жана домбрада ойногон. Ошондой эле сүрөт тартууга, ат минүүгө да кызыккан.

Ден соолуктагы кыйынчылыктар
2024-жылдын сентябрында Мураттын рак оорусу тууралуу кабарлар тараган. Ал төрт курстук химиотерапиядан өтүп, Түркияда дарылануу үчүн акча чогултуу жараяны жарыяланган.

Фильмографиясы:
-
2007 — "Рэкетир"
-
2009 — "Братья"
-
2010 — "Сказ о розовом зайце"
-
2012 — "Весь мир у наших ног"
-
2017 — "Брат или брак"
-
2018 — "Брат или брак — 2"
-
2020 — "Тендер"
-
2021 — "Ага"
-
2022 — "13 клиническая"
-
2022 — "Квартира: Кошмар в Астане"
-
2024 — "Амура"
Бүгүн, 6-январда актёр Мурат Бисембин 54 жашында каза болду. Бул тууралуу актёрдун кызы Диана социалдык тармактагы баракчасы аркылуу маалымдады.
Маалыматка ылайык, декабрь айынын аягында Мурат Бисембин инсульт алып, ооруканага жеткирилген. Ага чейин үй-бүлөсү анын абалы туруктуу эмес экенин билдиришкен. Соңку бир жарым жыл ичинде актёр ооруканада көп жаткан.
2024-жылдын күзүндө анын диагнозу ачыкка чыгып, жаңы долбоорлордон баш тартып, тасмалардагы тартууларын токтотууга мажбур болгон.
Анын элеси көрүүчүлөрдүн эсинде түбөлүккө сакталары турган кеп...

0

Супер-Инфо
super.kg видео
















