super.kg logo

Чолпон-Атада саркынды сууларды тазалоочу курулма курулууда

 
Курулуш министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу курулманын курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Курулуш министрлиги билдиргендей, курулуш иштери 2025-жылдын июль айында башталып, "China Road" жана "Алкаташ" компаниялары тарабынан аткарылууда. Долбоорго ылайык, суткасына 14,2 миң метр куб кубаттуулуктагы жаңы канализациялык тазалоочу станциянын арматура токуу иштери жүрүп жатат. Ал эми 12 насостук станциянын жер казуу иштери толук бүткөрүлүп, курулуштун кийинки этабы жүргүзүлүп жатат.
Долбоор ишке ашкандан кийин Чолпон-Ата шаарынын, Бостери, Бактуу-Долоноту жана Кара-Ой айылдарынын калкы, ошондой эле аталган калктуу конуштардын аймагында жайгашкан баардык пансионаттар, конок үйлөрү жана башка имараттар канализация системине 100 пайыз кошулат. Бүгүнкү күндө Чолпон Атанын калкынын 30-40 пайызы гана канализация тутумуна кошулган.
Курулуш иштерин 2027-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: