super.kg logo

Ким Чен Ын: Бийлик, ядролук саясат жана Кимдер династиясынын уландысы

 

Ким Чен Ын — Түндүк Кореянын азыркы башкаруучусу, өлкөнүн саясий, мамлекеттик, аскердик жана партиялык жетекчиси. Бүгүн, 8-январь анын туулган күнү. Датаны утурлай биздин медиа портал лидер тууралуу кызыктуу маалыматтарды бир макалага топтоону туура көрдү.

Ал Корея элдик армиясынын жогорку башкы колбашчысы, Корея эмгекчил партиясынын лидери жана 2012-жылдан бери Түндүк Кореянын маршалы болуп эсептелет. Дүйнөлүк саясатта Ким Чен Ын эң жаш, ошол эле учурда эң таасирдүү жана талаштуу лидерлердин бири катары белгилүү.

Үй-бүлөсү: Сырга оронгон башат

Ким Чен Ын Түндүк Кореянын мурдагы лидери Ким Чен Ир менен анын үчүнчү жубайы Ко Ён Хинин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ал үй-бүлөдөгү эң кичүү уул. Анын туулган датасы расмий түрдө так көрсөтүлгөн эмес. Түндүк Корея бийлиги бул белгисиздикти Ким Чен Ын өзүн улуу жана тажрыйбалуу лидер катары көрсөтүүнү каалагандыгы менен түшүндүрөт.

Ал эми Түштүк Кореянын чалгын кызматы Ким Чен Ын 1983-жылдын 8-январында төрөлгөн деген жыйынтыкка келген. Кийинчерээк дал ушул дата Түндүк Кореяда расмий деңгээлде белгилене баштаган.

Билими

Түштүк Кореянын чалгын маалыматтарына ылайык, Ким Чен Ын Швейцариядагы Берн шаарында жайгашкан эл аралык мектепте билим алган. Ал жерде жөнөкөй окуучу катары окуп, өздүгүн жашырып жүргөнү айтылат.

2002-жылдан тарта Ким Чен Ын Пхеньяндагы Ким Ир Сен атындагы университетте, ошондой эле Ким Ир Сен атындагы аскердик университетте билим алган. Бул окуу жайлар Түндүк Кореянын келечектеги элитасын даярдаган негизги борборлор болуп саналат.

Мураскер катары калыптанышы

2006-жылы Корея эмгекчил партиясынын ичинде Ким Чен Ындын сүрөттөрү түшүрүлгөн баракчалар тарай баштаган. Бул анын атасы Ким Чен Ирдин мураскери катары даярдалып жатканын айгинелеген биринчи белгиси болгон.

2008-жылы Пхеньянда 26 жаштагы Ким Чен Ын үчүн өзүнчө резиденция курула баштаган. Бул анын бийликке жакындап калганын дагы бир ирет тастыктаган.

Айрым булактарда такка отуруу 2009-жылы деп айтылса да, чындыгында ал 2007-жылдын январь айларында эле расмий түрдө мураскер катары бекитилгени белгиленет.

Саясий тепкичтер

2009-жылдын апрелинде Ким Чен Ын Түндүк Кореянын Улуттук коргоо кеңешинин мүчөсү болуп дайындалган.

2010-жылдын январында 8-январь — анын туулган күнү — улуттук майрам катары белгилене баштаган.

Ошол эле жылдын 27-сентябрында Ким Чен Ынга армиянын генералы деген жогорку наам ыйгарылган. Бул анын аскердик структурадагы позициясын бекемдеген чечүүчү кадам болгон.

Атасынын өлүмү жана бийликти колго алышы

Ким Чен Ир 2011-жылдын 17-декабрында жүрөк оорусунан каза болгон. Бирок бул кабар элге эки күндөн кийин гана жарыяланган. 24-декабрда "Нодон синмун" гезитинде Ким Чен Ын Корея элдик армиясынын жогорку башкы колбашчысы деп расмий жарыяланган.

Гезит беттеринде мындай ант берилген:

"Биз Ким Чен Ынды жогорку негизги башкаруучубуз жана лидерибиз деп каныбыз жана көз жашыбыз менен ант беребиз".

2011-жылдын 31-декабрында Корея эмгекчил партиясы аны өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн жогорку башкаруучусу кылып шайлаган.

Алгачкы эл алдына чыгышы

Ким Чен Ын эл алдына биринчи жолу 2012-жылдын 15-апрелинде — Ким Ир Сендин 100 жылдыгына арналган ири аскердик парадда чыккан. Бул күндөн тарта ал Түндүк Кореянын толук кандуу лидери катары кабыл алына баштаган.

Башкаруу стили жана дүйнөлүк реакция

Бийликтин алгачкы жылдарында көптөр Ким Чен Ынды Михаил Горбачёв менен салыштырышкан. Айрым батыш медиалары ал реформатор болот деп үмүттөнүшкөн. Бирок көп өтпөй бул божомолдор четке кагылган.

Би-Би-Си Ким Чен Ын алгач бийликти агасы Чан Сон Тхэк менен бөлүшөрүн жазган. Бирок кийинчерээк Чан Сон Тхэк камакка алынып, өлүм жазасына тартылган.

Ядролук державага айланган Түндүк Корея

Ким Чен Ын бийликке келгенден кийин Түндүк Кореянын аскердик саясаты кескин күчөдү.

2012-жылдын аягында өлкө өзүн расмий түрдө космостук держава деп жарыялаган.

2013-жылдын февралында Түндүк Корея тарыхындагы үчүнчү ядролук сыноону өткөргөн.

2013-жылдын 8-мартында Пхеньян 1953-жылы Корея согушунан кийин түзүлгөн Түштүк Корея менен "Кол тийбестик келишимин" жокко чыгарган.

Дүйнөдөгү эң жаш таасирдүү лидер

Ким Чен Ын дүйнөлүк саясатта чоң роль ойной баштаган. 2012-жылы Time журналынын версиясы боюнча "Жылдын адамы" деп табылган.

Бүгүнкү күндө ал — жабык мамлекетти катуу тартип менен башкарган, ядролук куралга ээ, дүйнөлүк державалар менен тикелей сүйлөшө алган лидер.

Жеке жашоосу: Купуялуулуктагы үй-бүлө

Ким Чен Ындын жеке жашоосу Түндүк Кореядагы башка көптөгөн темалар сыяктуу эле катуу купуя сакталат. Расмий Пхеньян анын үй-бүлөсү тууралуу маалыматты сейрек чыгарат. Бирок эл аралык чалгын кызматтары жана батыш медиалары айрым фактыларды ачыкка чыгарууга жетишкен.

Аялы — Ли Сол Чжу

Ким Чен Ындын жубайы — Ли Сол Чжу. Ал 2012-жылы расмий түрдө Түндүк Кореянын "биринчи айымы" катары тааныштырылган. Ли Сол Чжу буга чейин музыкант болгон, Пхеньяндагы атактуу Унхасу оркестринде ырчы катары иштеген деген маалыматтар бар.

Ал 1989–1991-жылдар аралыгында төрөлгөнү айтылат. Ли Сол Чжу Ким Чен Ындан бир топ жаш экени белгилүү. Аялдын коомдук иш-чараларга активдүү катышуусу — Түндүк Корея үчүн адаттан тыш көрүнүш. Ал күйөөсү менен бирге аскердик параддарга, маданий иш-чараларга жана эл аралык делегацияларды кабыл алуу маалында көп көрүнүп келет.

Айрым аналитиктер Ли Сол Чжуну Ким Чен Ындын "жумшак имиджин" түзүүдөгү маанилүү фигура деп баалашат.

Балдары: Келечектеги мураскерби?

Расмий маалыматтарга ылайык, Ким Чен Ындын үч баласы бар. Бирок алардын так саны, аты-жөнү жана туулган даталары Түндүк Корея тарабынан расмий жарыяланган эмес.

2013-жылы америкалык баскетболчу Деннис Родман Пхеньянга баргандан кийин Ким Чен Ындын кызы бар экенин ачык айткан. Ал кыздын аты Ким Жу Э экени кийинчерээк Түштүк Кореянын чалгын кызматы тарабынан тастыкталган.

2022–2023-жылдары Ким Чен Ын кызын расмий иш-чараларга, айрыкча ракеталык сыноолорго жана аскердик көргөзмөлөргө алып чыга баштаган. Бул дүйнөлүк медиада "Ким Жу Э келечектеги мураскер болушу мүмкүнбү?" деген суроону жараткан.

Ошол эле учурда эксперттер Ким Чен Ындын дагы эки баласы — бир уулу жана дагы бир кызы болушу мүмкүн деп божомолдошот.

8-январга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: