super.kg logo

Германиянын президенти "АКШ дүйнөлүк тартипти бузуп жатат" деп айыптады

 

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер АКШнын президенти Дональд Трамптын тышкы саясатын кескин сынга алып, дүйнөлүк тартипти "каракчылардын уясына" айланып кетишине жол бербөөгө чакырды.

Чет элдик басылмалар билдиргендей, Крымдын Орусияга кошулушун жана Украинадагы согуштук аракеттерди тарыхый бурулуш учур катары мүнөздөгөн Штайнмайер, АКШнын азыркы жүрүм-туруму экинчи ири тарыхый үзүлүш болуп жатканын белгиледи.

"АКШ дүйнөлүк тартипти курууга жардам берген эң маанилүү өнөктөшүбүз. АКШ тарабынан баалуулуктардын кыйратылышы болуп жатат. Максат - дүйнөнүн каракчылардын уясына айланышына жол бербөө. Андай жерде принциби жоктор каалаганын ээлеп алат, ал эми аймактар же бүтүндөй өлкөлөр бир нече улуу державанын менчиги катары каралат",- деп кошумчалады ал.

Анын айтымында, коркунучтуу кырдаалдарда активдүү кийлигишүү зарыл, ошондой эле Бразилия жана Индия сыяктуу өлкөлөрдү дүйнөлүк тартипти коргоонун маанилүүлүгүнө ынандыруу керек.

Эске салсак, 3-январда АКШ Венесуэлада атайын операция жүргүзүп, өлкөнүн лидери Николас Мадурону жубайы менен бирге туткундап, алып чыгып кеткен. 5-январда Венесуэланы убактылуу президент катары Делси Родригес башкарууга алды. Ал буга чейин өлкөнүн вице-президенти болуп иштеп турган.

Вашингтон Родригести убактылуу өкмөттү башкарып турууга ылайыктуу көрөрү айтылууда. АКШ бийлиги оппозиция лидери Мария Корина Мачадодон айырмаланып, Родригес Венесуэланын коопсуздук күчтөрүн көзөмөлдөй алат деген пикирде.

АКШнын лидери Дональд Трамп Мачадону колдобой койгонун The Washington Post басылмасы жазып чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: