super.kg logo

Пайдубалына суу толуп калган "Алтайдын” курулушу боюнча министрлик эмнелерди билдирди? (видео)

 
Социалдык тармактарда Бишкек шаарында курулуп жаткан “Алтай” турак жай шаарчасы боюнча видео тараган. Анда пайдубал үчүн казылган жерлерге суу толуп калганы көрсөтүлүп, коомчулукта тынчсыздануу жаралууда.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги аталган объект боюнча маалымат берди. Анда белгиленгендей, курулуш иштери башталганга чейин мыйзам талаптарына ылайык инженердик-геологиялык жана инженердик изилдөөлөр жүргүзүлгөн.
"Долбоордук документтерде дренаждык системди куруу, жер астындагы сууларды чыгаруу жана аймактын инженердик өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен турак жай имараттарын беш кабаттан ашырбоо чечими кабыл алынган. Бул чаралар курулуш коопсуздугун камсыздоого багытталган. “Алтай” шаарчасы аз кабаттуу турак жай комплекси болуп саналат. Сейсмикалык коопсуздук маселелери Курулуш министрлигине караштуу тиешелүү мамлекеттик департаменттер тарабынан толук каралгандыгына байланыштуу, долбоорлоо жана куруу иштеринде министрликтин Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту менен милдеттүү түрдө өзүнчө макулдашуусу талап кылынбайт",- деп кошумчаланды маалыматта.
Министрлик коомчулукту дүрбөлөң салбоого чакырат. Аны менен катар аталган аймакта Ош базарынын жаңы курулушу, жаңы автобекет, ошондой эле беш кабаттуу турак жай имараттары ийгиликтүү курулуп жатканын белгиледи.
Эскерте кетсек, аталган шаарчанын курулушуна 20-ноябрда старт берилип, мезгил кутусун президент Садыр Жапаров барып салды. Анда ал долбоор кыргызстандык ишкерлер тарабынан ишке ашырылып жатканын белгиледи.






Пайдубалына суу толуп калган "Алтай” шаарчасынын курулушу боюнча министрлик жооп берди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: