super.kg logo

Иранда массалык нааразычылык акцияларынын фонунда интернет толугу менен өчүрүлдү (видео)

 

Иранда улуттук валюта - риалдын кескин арзандашына байланыштуу чыккан нааразычылык акциялары 12-күн катары менен уланууда. Кечээ, 8-январда демонстранттар Тегерандын негизги магистралдарынын бири — Аятолла Кашани бульварын тосуп алышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришүүдө.

Коопсуздук күчтөрү беткапчан демонстранттарга каршы көздөн жаш агызуучу газ колдонушкан. Активисттер тараткан видеолордо Тегеранда полициянын унаалары өрттөнүп жатканы да көрүнөт. Ошондой эле Мешхед, Керманшах жана башка ири шаарларда массалык нааразычылык акциялары болуп жатканы кабарланууда.

Ирандагы массалык нааразычылык акцияларынын фонунда бийлик интернетти дээрлик толугу менен өчүрдү. NetBlocks уюмунун маалыматына ылайык, өлкө жалпы улуттук интернет-блэкаут абалына кептелди, ал эми 8-январда интернет-трафик 90 пайызга азайганын билдирди.

Акыркы маалыматтар боюнча, акция учурунда кеминде 45 адам каза тапты.






Иранда массалык нааразылык акцияларынын фонунда интернет толугу менен өчүрүлдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: