Транспорт министрлиги ашуулардагы абал боюнча маалымат берди
Бүгүн, 9-январь саат 10:30га карата, республиканын негизги ашууларында жол кыймылына эч кандай чектөө жок. Жол кырдаалы туруктуу болуп, бардык багыттарда каттамдар камсыздалууда. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин маалымат бөлүмү билдирди.Бишкек–Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда күн ачык, каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө.
Барскоон–Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда күн ачык, жол ачык. Каракол–Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда күн ачык жана каттам бар.
Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолундагы Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашуулары жана Боом капчыгайында күн ачык, жол кыймылы үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Суусамыр–Талас–Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда күн ачык, каттам бар.
Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан бардык унаа жолдордо жана ашууларда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштер күн сайын, күнү-түнү жүргүзүлүүдө. Жол кырдаалы туруктуу көзөмөлдө турат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:55
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















